super.kg logo
  Саясат  

Чыныбай Турсунбеков: “Евразиялык экономикалык биримдикте бирдиктүү электр энергиясы рыногун түзүү керек”

 

Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков Санкт-Петербург шаарында “Евразиялык экономикалык келечек” форумунун төртүнчү жыйынына катышып, сөз сүйлөдү.

Турсунбеков өз сөзүндө ЕАЭБге мүчө өлкөлөр бирдиктүү электр энергия рыногун түзүү аркылуу алдыга секирик жасай аларын билдирди. "Кыргыз мамлекети экологиялык жактан таза жана арзан өндүрүлгөн гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн мунайзат, мунайзат продукциялары жана газ боюнча бирдиктүү рынок түзүү концепциясынын кабыл алынышы бул багыттагы дагы бир маанилүү кадам болуп калат”, - деди төрага.

Жогорку Кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасы ЕАЭБге кошулганына тогуз ай гана болгонуна карабай бир катар иш-чараларды аткарганын белгиледи. Кыргыз-казак чек арасындагы санитардык жана фитосанитардык көзөмөлдүн алынышын, кыргыз өлкөсүнүн 15 ишканасы бирдиктүү реестрге кошулуп, Орусияга балык жана эт-сүт азыктарын алып келүүгө мүмкүнчүлүк алганын, чек арадагы 7 көзөмөл-өткөрмө пункттары жаңыдан жабдылганын, 5-февралдан баштап кыргыз өлкөсүнөн Казакстандын аймагынан өтүүчү жүктөрүнө бажы кызматынын коштоосу алынып салынганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: