super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков: "ЕАЭБге мүчө өлкөлөр бардык күчтү ички тоскоолдуктарды жоюуга багытташы керек"

 

“ЕАЭБге мүчө мамлекеттер биримдиктин негизги максаттарына жана принциптерине жетишүүгө коркунуч келтирген чаралардан карманып, бардык аракетти ички тоскоолдуктарды жоюуга багытташы керек. ЕАЭБ – ички рынокту бара-бара либерализациялоо аянтчасы. Жакын арада товар, тейлөө жана капитал рыногуна мындан да эркин мүмкүнчүлүктөр берилерине ишенем. Биримдиктин активдүү соода саясатын, өзгөчө Кытай сыяктуу стратегиялык өнөктөштөр менен калыптандыруу зарылдыгы жаралууда", - деди Сооронбай Жээнбеков Арменияда Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынында.

Жээнбеков ЕАЭБдин жакшы жактары катары кыргыз-казак чек арасынан бажы көзөмөлү жана бажы формалдуулуктарынын жоюлушун, продукция сатуу рыногунун кеңейишин белгилеп, ошол эле учурда өлкө биримдик алкагында көптөгөн тоскоолдуктарга кабылып жатканын айтты.

Евразиялык өкмөт аралык кеңештин жыйынына Армения, Орусия, Казакстан жана Беларустун өкмөт башчылары катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: