super.kg logo
  Саясат  

"Жеткиликтүү турак жай" программасы менен балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнө үй берилиши мүмкүн

 

"Жеткиликтүү турак жай-2015-2020" программасынын алкагында балдар үйүнүн жана жатак-үйлөрдүн бүтүрүүчүлөрүнө үй берүү маселеси каралат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева Мамлекеттик турак жай маселелерин координациялоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынында билдирди.

"Жеткиликтүү турак жай-2015-2020" программасынын катышуучуларынын алгачкы тизмесине бардык аймактардан билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык тармакта эмгектенген 185 кызматкер кирген. Бүгүнкү күндө 22 адамга ипотекалык насыя берилсе, калган жактардыкы банктарда каралууда. Биз программага катышуу үчүн жашаган жери боюнча арыз берген 773 жарандан турган экинчи тизмени карап чыгып, Мамлекеттик ипотекалык компанияга жөнөтүүбүз керек", - дейт вице-премьер.

Кудайбердиева жакында республиканын бардык аймактарында социалдык турак жай курулушу башталарын айтып: "Маселенин социалдык маанисин эске алуу менен курулуп жаткан үйлөрдөгү батирлердин бөлүгүн балдар үйүнүн жана жатак-үйлөрдүн бүтүрүүчүлөрүнө, балким, жеңилдетилген ижара шартында берүү механизмин иштеп чыгуу зарыл", - деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: