super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз өлкөсүндө айыл өкмөт башчысын тикелей шайлоо жолу сунушталды

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 23-майдагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоолор жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Демилгечилер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо тутумун ыраатташтыруу жана аларды бир мыйзамга бириктирүү зарылдыгын айтышты. Ошондой эле айыл өкмөт башчыларын тикелей шайлоону киргизүү (түз эл тарабынан шайланат), шаар мэрлерин кыйыр шайлоо (эл шайлаган жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан шайланат) формасынын колдонуудагы тутумун күчүндө калтыруу сунушталууда. Азыркы учурда айыл өкмөт башчылары жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан шайланат.

Айыл өкмөт башчыларын тикелей шайлоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарын коррупцияланган, кылмыштуу жетекчилерден тазалай турганы, анткени жергиликтүү калк кайсы талапкер мыкты экенин жакшы билери айтылды. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Жеңиш Акматов бул маселелер БШК мүчөлөрүнүн арасында кызуу талууланып жатканын билдирип: “Мыйзам долбоорунун концепциясы жакшы. Эгер каржы маселеси чечилип калса, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын быйыл күздө тикелей шайлай баштаса болот”, - деди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик агенттигинин башчысы Бакыт Рыспаев айыл өкмөтүнүн башчылыгына жогорку билимге ээ болуу, мамлекеттик кызматта 3 жылдан кем эмес иштөө, соттолбогону боюнча талаптар коюла турганын айтты. “Эгер мыйзам кабыл алынып калса, айыл өкмөтүнүн башчысына карата талаптар дагы күчөтүлүп, ага мамлекеттик тилди билүү, 30 миң сом өлчөмүндө күрөө коюу талабы кошулат”, - деп кошумчалады ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: