super.kg logo
  Саясат  

Тармактык комитет "CASA-1000" долбоорун каржылоо боюнча келишимдерди жактырды

 

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети 24-майда Кыргыз Республикасы менен эл аралык каржы уюмдарынын ортосундагы Борбордук Азия - Түштүк Азия электр энергиясын берүү жана сатуу долбоорун ("CASA-1000") каржылоо боюнча макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорлорун жактырды.

Өкмөт “Датка” көмөк чордонунан Тажикстандын “Худжент” көмөк чордонуна чейин, андан ары Кабул (Ооганстан) шаары аркылуу өтүп Пешавардагы (Пакистан) өзгөртүүчү станциясына чейин электр линиясын куруу менен "CASA-1000" долбоору ишке ашырыларын билдирүүдө. Долбоорго ылайык, линия боюнча электр энергиясын экспорттоону Кыргыз Республикасы менен Тажикстанда электр энергиясы ашыкча, ал эми Пакистан менен Ооганстанда электр энергиясы тартыш болуучу жай мезгилинде гана (майдан тартып сентябрга чейин) ишке ашыруу пландалууда.

Макулдашуунун негизинде Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы кыргыз өлкөсүнө 45 миллион доллар өлчөмүндө кредиттик жана гранттык каражаттарды берет. Насыя 0,75 пайыздык үстөгү менен 40 жылдык мөөнөткө берилет, алгачкы 10 жыл жеңилдетилген мезгил болуп саналат.

Европа инвестициялык банкы өлкөгө 70 миллион евро, Ислам өнүктүрүү банкы 1,5 пайыздуу үстөгү, 7 жыл жеңилдетилген мезгили менен 25 жылдык мөөнөткө 50 миллион долларга барабар 33,3 миллион ислам динары өлчөмүндө каражат бөлөрү айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: