super.kg logo
  Саясат  

Президент пенсионерлери бар жакыр үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулун көбөйтүүчү мыйзамды жакшылап иштеп чыгууга жөнөттү

 

Президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 14-апрелинде кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга каршы пикир билдирип, документти кайра парламентке жөнөттү.

Президент пенсионерлери бар жакыр үй-бүлөлөрдүн жашоосун жакшыртуу аракетин колдой турганын билдирип, бирок андай аракеттер мамлекеттик социалдык саясаттын кызыкчылыгына шайкеш келиши керектигин айтты. Бюджет кыйын абалда турганда баарынан мурун калктын корголбогон катмарын социалдык коргоо зарылдыгын белгиледи.

"Өкмөт тарабынан сунушталып Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам ушул талаптарга толук көлөмдө жооп бербейт. Курамында улгайган жарандар бар үй-бүлөлөргө мамлекеттик жөлөк пулдарды төлөп берүүгө республикалык бюджеттин чыгымын көбөйтүүгө макулдук берүү менен өкмөт ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар бар үй-бүлөлөрдүн кызыкчылыктарын эске алган эмес. Бул адамдар да мамлекет тараптан социалдык колдоонун жакшырышына ишенүүгө укуктуу", - деп айтылат маалыматта.

Артка кайтарылган мыйзам кайра иштелип чыгат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: