super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы: "Жарандардын бийликке ишеними билим берүү жана саламаттык сактоо тармагы аркылуу аныкталат"

 

"Жарандардын бийликке ишеними негизинен билим берүү жана медициналык тейлөө аркылуу аныкталат. Ошондуктан бул эки тармак мамлекет тараптан өзгөчө көңүл бурууга муктаж. Саламаттык сактоо тармагындагы реформалар терең ойлонулуп, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, калкка көрсөтүлгөн тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталышы зарыл", - деди премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 24-майда саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев менен жолугушууда.

Өкмөт башчысы министрликтин саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө, жаңы медициналык мекемелерди курууга инвестиция тартуу боюнча пландарын колдоого аларын, биринчи кезекте калкка медициналык тейлөө көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу жана аймактардагы кадр жетишсиздигинин алдын алуу керектигин айтты.

Батыралиевдин айтымында, республикада оңдоого мүмкүн болбогон 11 объект авариялык абалда турат. Республикалык бюджеттин тартыштыгы жаңы имараттарды курууга жол бербейт, андыктан чет элден инвестиция тартуу жолдору каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: