Айтмамат Кадырбаев Оштун мэрлигине кайра шайланды

Бүгүн, 25-майда Ош шаардык кеңешинин депутаттары Ош шаарынын мэрин шайлашты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаар башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, шайлоого шаардык кеңештеги 45 депутаттын баары катышты. Жыйынтыгында талапкер Айтмамат Кадырбаев 41 добуш алып, мэрликке кайра шайланды. Ал эми Кадырбаевдин атаандашы Алишер Мойдунов 4 добушка ээ болду.
Айта кетсек, Ош шаардык кеңеши 6 фракциядан турат: КСДП (16 мандат), "Кыргызстан" (9 мандат), "Мекеним Кыргызстан" (6 мандат), "Республика-Ата Журт" (5 мандат), "Бир бол" (5 мандат) жана "Өнүгүү-Прогресс" (4 мандат).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
-5

