super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө быйылкы туристтик сезондо 23 каттам боюнча автобустар жүрөт

 

Өкмөттө 25-майда 2016-жылкы туристтик сезонго мамлекеттик органдардын даярдыгы талкууланды. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдары кыргыз өлкөсү дүйнөлүк маалымат каражаттарында туристтерди өзүнө тартуучу өлкө катары алдынкы рейтингде келе жатканын белгиледи.

"Мындай ийгиликке өлкөдөгү ажайып жаратылышыбыз аркылуу жеткенибиз талашсыз. Бирок бийлик өкүлдөрү тарабынан туристтик тармакты өнүктүрүүгө жетишерлик көңүл бурулбай жатат. Индустрия жана тейлөө тармагы аксап жатканы жашыруун эмес. Ал тургай жол боюнда дааратканалар жетишсиз, канча жылдан бери айтылып келе жатканы менен, абал өзгөргөн жок. Ар бир облуста туристтерди тарта турган мыкты жерлер көп болгондуктан, облус жетекчилери туристтик тармактарды жакшыртуу үчүн системдүү түрдө иш жүргүзүшү керек", - деди Жээнбеков.

Жыйында быйыл жалпы 23 каттам боюнча автобустар жүрөрү айтылды. Эл аралык каттамдар:
Омск-Чолпон-Ата, Чолпон-Ата-Алматы, Каракол-Алматы. 2016-жылдын 1-июлунан баштап, 28-августка чейин аптасына эки жолу Ош-Ысык-Көл-Ош аба каттамы жүрөт. Мындан сырткары Орусия жана Казакстандан "Ысык-Көл" аэропортуна аба каттамдарын ачуу пландалып жатканы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: