super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер балдар арасында суицидди болтурбоого багытталган долбоорлорду атады

 

Парламенттин 26-майдагы жыйынында өспүрүмдөр арасындагы суицид маселеси каралууда. Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева балдардын арасында өз жанын кыюу фактыларынын алдын алуу боюнча бир катар долбоорлор ишке ашып жана даярдалып жатканына токтолду.

“Зомбулуксуз мектеп” долбоору бардык мектептерге сунушталып, республика боюнча 58 мектепке пилоттук долбоор катары киргизилген. Мындан тышкары “Дени сак жашоо” программасы да окуу программасына киргизүү пландалган. Үй-бүлө баалуулуктары боюнча бир катар
теледолбоорлор ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө “Эне жана баланы коргоо” боюнча комплекстүү долбоор даярдалып жатат. Анын негизинде үй-бүлө институтуна мамлекеттик колдоо чаралары пландаштырылууда"
, - деди вице-премьер.

Өкмөт мүчөлөрү окуучулардын суицидге барышына көбүнчө ата-энелер менен болгон пикир келишпестиктер себеп болорун айтышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: