super.kg logo

"Москвада 4 жашар кызды өлтүргөн" деп шектелген Гүлчехра Бобокулованы камакта кармоо мөөнөтү дагы 2 айга узартылды

 

Үстүбүздөгү жылдын 29-февралында "4 жаштагы кызды муунтуп өлтүрүп, башын кесип салган" деген шек менен кармалган Гүлчехра Бобокулованы камакта кармоо мөөнөтү дагы 2 айга узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимге буга чейин "жашы жете электи өлтүрүү", "мүлктү өрттөө" жана "террордук акт тууралуу жалган маалымат берүү" беренелери боюнча айыпталган Бобокулованын Психоневрологиялык диспансерде 12 жыл бою дарыланганы себеп болгон.

"Сотко алынып келинген кылмышка шектүү бул чечимге каршы экенин билдирген. "Мени Самаркандга кетиргиле, үй камагына, мени ошол жакта дарылашсын" деп айткан Бобокулова өз сөзүндө. Ал эми судьянын "Сиз психикалык жактан жабыркайсызбы?" деген суроосуна "ооба" деп жооп берген. Сот Бобокулованы 29-июлга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Ага комплекстүү экспертиза дайындалды. Учурда ал Бутырка СИЗОсундагы психиатриялык ооруканада", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин кылмышка шектүү аял 15 жыл шизофрения менен ооруган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.05.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сакта жырткычтардан.
26.05.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айыгып кетсин!
27.05.2016. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
barakcha, ооба, айыгып алып дагы бироону олтурсун. Калп эле оорукчан болуп жатат да. Артист.
26.05.2016. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кебетеси мынча муздак
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: