Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринен улгайган аялдын жансыз денеси табылды
Чүй облусуна караштуу Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринен улгайган аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Токмок шаарынын 1-кичи районундагы №3-үйдөгү батирлердин биринин эшигин ачууга барышкан. Эшикти ачып кирген куткаруучулар батирдин ичинен 1938-жылы туулган Н.П. аттуу аялдын жансыз денесин таап, маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.