super.kg logo
  Саясат  

Кубанычбек Кулматов Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун иштөөсүнө тоскоолдук жок экенин айтты

 

Жогорку Кеңештин "Бир бол" фракциясынын 27-майдагы жыйынында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү талкууланууда. Жыйын жүрүшүндө депутат Акылбек Жапаров аталган фонддун төрагасы Кубанычбек Кулматовго кайрылып: "Эмнеге фонд иштебей жатат? Эмне үчүн фонддогу 500 миллион доллар иштетилбей жатат?" - деп сурады.

Кулматов: "Биз 2015-жылдын ортосунан тарта олуттуу иштей баштадык. Буга чейин уюштуруу жана документтик иштер жүргүзүлгөн. Кечээ эле биз фонддун Кыргыз Республикасынын аймагында туруусуна макулдук алганбыз. Жалпысынан 230 долбоор жактырылган, аларды ишке ашырууга 84 миллион доллар бөлүнмөкчү. Өкмөт менен эч кандай пикир келишпестиктер жок. Коммерциялык банктар аркылуу акча каражатты жеке ишкерлерге берүү маселесинин үстүндө иштеп жатабыз. Учурда 9-10 банк менен макулдук бар. Дагы 10дон ашуун банк фонд менен иштегенге ниеттенүүдө", - деди.

Айта кетсек, президент Алмазбек Атамбаев 2014-жылы 30-декабрда "Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койгон. Макулдашууга ылайык, фонд кыргыз өлкөсүнүн экономикасынын приоритеттүү секторлорунда, анын ичинде агрардык өнөр жай комплексинде, кийим тигүү, текстиль жана иштетүү өнөр жайында өзүн өзү актаган долбоорлорду каржылайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: