super.kg logo

Күйөөсүн жиликтеген келиндин соту: Айыпталуучуну бир нече жерге жеткирген таксисттер суракка алынды

 

Бүгүн, 27-майда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин иши боюнча соттук отурум улантылды.

Соттук кароодо айыпталуучу окуя болгондон кийин колдонгон такси кызматтарынын айдоочулары суракка алына баштады. Алардын бири Ремир Пак төмөнкүлөрдү билдирди: "Саат 01:00 чамасында Ала-Арча-2 районунда (Абдрахманов көчөсүндө) унаамда отурсам жаныма бир кыз келди. Ал менден Ахунбаев-Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине чейин жеткирүүнү өтүндү. Кетип баратып жолдон акча алмаштыруучу жайга токтодук. Андан кийин ал ага бензин керек экенин айтты. Абдрахманов-Донецкий көчөлөрүнүн кесилишиндеги май куюучу жайдан 200 сомго бензин сатып алып, аны желим идишке куйдук. Кийин ал өзү түшкөн жерине айдатып келип, кайра эле ошол жакта калган".

Анын айтымында, бейтааныш кардар бензин сатып алгандан кийин анын күйөөсүнүн унаасы бузулуп калып, от албай жатканын билдирген.

"Мен аны эстеп калган жокмун", - деп кошумчалады ал.

Ал эми суракка алынган Жыргалбек Мусабеков аттуу экинчи таксист саат 06:00 чамасында Совмин (шаардын түштүк тарабы) шаарчасына чакыруу түшкөнүн билдирди.

“Чакырылган дарекке келгенимде 2 баласы менен келин чыкты. Ал подъездде палас бар экенин айтты. Палас багажникке батпай, аны унаага салууга туура келди. Анан Абдрахманов-Донецкий көчөсүндөгү унаа жуучу жайга бардык. Кардар паласты ошол жакка калтырды. Ал жактан Манас-Ташкент көчөлөрүнүн кесилишине жеткирдим, келин эки баласын ошол жакка калтырып чыкты. Андан кийин келин Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишинде калды. Ал мага 300 сом төлөдү”, - деди ал өз көрсөтмөсүндө.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
27.05.2016. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оркошев биздин частьта болгон эле болгону бир ай жургон анан чыгып кеткен байдын баласы эле
27.05.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо катыны олтургонуно ишенбей турам да буну биролор эле мойнуна алдырып койдуда бир гана кудай билет да
27.05.2016. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушунча соту болуп атат кыздын туугандарф тараптан бироосу да бирдеме деп коммент бербейт го мен ошого танмын ,мумкун чын эле озу кылгандыр туугандарына айтса керек да ошон учун алар эчтеме дей албай атышат,болбосо ушул убака чейин бироосу чыкмак да бул уюштурулган тиги бул депчи.
27.05.2016. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мамлекеттик денгээлде ачык ай
27.05.2016. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироо жасап моюнуна алдырса керек,эгер албасан балдарыны да ушинтебиз деп.
27.05.2016. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Таксисттерди эмнеге суракка алат аларды озу чакырган болсо таксист озунун кызматын аткарды да алар каяктан билсин
27.05.2016. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jalguzum,Балким таксист дагы бир нерсени айтат
27.05.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кылдыбы мойну мн тартсын эчким ортого тушпосун бирок омур бою эркинен ажыратсвн
30.05.2016. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fatima1991, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат!
AKCAHAT, жеке билдирүүлөрдү купуяга жазыңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: