super.kg logo

№50-СИЗОдон качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук отурум: "Мага абактын кызматкерин өлтүр деп балка берди, бирок мен өлтүрө алган жокмун" дейт кылмышкер Абдрахманов

 

Бүгүн, 27-майда Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-абактан качкан кылмышкерлердин иши боюнча соттук кароо Свердлов райондук сотунда улантылып, судья Санжар Чотоновдун кароосунда өтүүдө.

Соттук отурумга күбө катары кылмышкер А.Итибаев өлтүрүлгөн батирдин ээси Эркингүл Мамбетакунова чакырылды. Ал өз сөзүндө: "17-октябрь күнү Оштон Бишкекке келгем. Ошол күнү кичүү балам ооруп калып ооруканага жаткырдык. 19-октябрда менин үйүмө белгисиз эки адам келген. Келиним Нурсият жибердим деген болчу. Аларды үй оңдогон балдар экен деп ойлогом. Аларга үйдүн ачкычын таштап кетип калдым. Ал эми 20-октябрь күнү Нарын облусуна атамдын мааракесине кеткем. А.Итибаев тууралуу окуяны кийин уктум", - деди.

Ал Итибаев менен тааныш болбогонун жана көрбөгөнүн да кошумчалады.

Андан кийин кылмышкер Эдил Абдрахманов суракка алынды.

"Ошол күнү мен адаттагыдай эле спорт менен машыгып жаткам. Бир убакта эшик ачылды. Бизге даярдангыла деген чакырык болду. Камеранын эшиктери ачылды, аны Данияр Кадыралиев ачты. Мен кийинип, колума Куран китебин жана камерада илинип турган желекти ала чыктым. Андан кийин биз нөөмөтчүгө бардык. Балдардын бири мага балка берип, Тилекти (абактын кызматкери) өлтүрүүгө буйрук берди, бирок мен аны өлтүрө алган жокмун. Кадыралиев колумдан балканы алып, мен чыгып кеттим. Биз эң акырында качтык. Ал убакта ок атышуулар болуп жатты. Абактын ичинде электр жарыгы жок болчу. Биз эч кандай сейфтерди ачып курал издеген жокпуз. Темир торду сындырып чыгууну гана пландаштырдык. Сыртка чыккандан кийин унаага дагы 4 адамды салдык. Андан кийин Алматы көчөсүнө багыт алдык", - деди Абдрахманов.

Анын айтымында, абактан качкандардын жарымы башка унаа менен кетишкен. Абактан качкан кылмышкерлер кайсы жакка качарын да алдын ала пландашкан эмес.

"Кийин аркабыздан МАИ кызматкерлери кууп келишти. Унаадан түшүүнү талап кылышты. Баарыбыз түштүк, МАИ кызматкерлери "Баарыңар жерге отургула!" деген буйрук беришти. Ошол убакта Алтын Итибаев кайрадан унааны айдап кетти. МАИ кызматкерлери унаанын дөңгөлөгүнө атышты. Ал учурда биз ар тарапка качтык. Кимди кармап, ким качып кеткенин караганга үлгүргөн жокмун. Кийин мени кармаганга чейин 10 күн талаада жашадым. Абактан канча киши качканын мен гезиттен окудум", - деп кошумчалады Абдрахманов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
27.05.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Толук жооп бербептирго. Эмне учун качкан? Качууну ким уюштурган. Качуунун максаты эме???
27.05.2016. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип эле абактан канча адам качканын билбей калсын.Бул жон эле соз болушу мумкун.
27.05.2016. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
бул да бийликтин корсотмосу боюнча экени сезилип турат, бул созсуз алардын айтканын аткарат да, толук ишенимдуу жооп болбогону байкалып эле турат.
27.05.2016. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Саясий оюн элдер 1-класстын окуучусуна уйроткондой суйлоптур ...МММ мм тушунуктуууу
28.05.2016. 07:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Таалада качып журуп гезит окуганы кызык экен.
28.05.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баягы куну эле камерада кара байрактын болбогонун айтты беле
28.05.2016. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daiyrbekov_91,ооба.ошентип аткан.эми болсо коркутуп уркутуп уйротуп койушкан экен.эмне деп суйлошту.
30.05.2016. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
xnurgul_gul, кимдир-бирөөнүң кадыр баркына шек келтирүүгө тыюу салынат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: