super.kg logo
  Саясат  

Нике тууралуу мыйзам долбооруна "каршы" деп добуш берген депутат: "Ата-энени эркинен ажыратууга каршымын"

 

Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутаты Айтмамат Назаров күбөлүксүз түгөйлөрдүн никесин кыйган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга эмнеге "каршы" деп добуш бергенин SUPER.KG порталына түшүндүрдү.

Депутаттын айтымында, ал добуш берүүгө катышпаганына байланыштуу мыйзам долбоорлоруна анын ордуна кесиптеши добуш берген. "Мен күбөлүксүз түгөйлөрдүн никесин кыйган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу демилгесине каршы болгом. Анткени кыргыздарда көп учурда түгөйлөр үйлөнүп алышып, анан ЗАГСка барышат. Мындан тышкары мыйзам долбоорунда "ата-энеси жоопкерчиликке тартылсын" деген норма бар экен. Кызын турмушка узаткан ата-энени эркинен ажыратуу кандай болсун? Ал эми жашы жете элек өспүрүм кыздарды күйөөгө берүүгө тыюу салган мыйзам бар да. Аны кайталаштын эмне кереги бар?" - деди депутат.

Айта кетсек, кечээ, 26-майда Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун четке кагышкан. Бул долбоорго 44 депутат "макул", 61 депутат "каршы" деп добуш берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: