Украина. Киевде карылар үйүнөн өрт чыгып, 17 адам каза тапты



Киев облусуна жакын жайгашкан Леточки айылындагы карылар үйүнөн өрт чыгып, 17 адам каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрт 29-майга караган түнү саат 03:48 чамасында башталып, саат 05:25те толугу менен өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматтарга ылайык, имараттын ичинде 35 адам болгон, анын ичинен 17 адамдын жансыз денелери табылып, дагы бир адам дайынсыз болууда.
"Эки кабаттуу карылар үйүнүн ичинен 18 адам куткарылды. Бул жайдын кызматкеринин айтымында, өрттүн келип чыгуусуна жарылып кеткен сыналгы себеп болушу мүмкүн. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Medina87

31.05.2016. 00:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз алдынарча жаны кабар бере аласынарбы же ар кимдин калдыгын б.а. башка бир сайттардын жанылыгын жарыялоо модабы??
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.