Өткөн суткада өлкөдө 8 өрт кырсыгы катталып, Жапалак айыл аймагында 4 миң түк чөп жана оор жүк ташуучу унаа күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 3, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталды.
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында өрт кырсыгы катталды. Анда Кыргызстан айылындагы Кеч көчөсүнөн жалпы аянты 360 чарчы метр бастырма, 4 миң түк чөп жана FORD MAN үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа толугу менен күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.