super.kg logo

Түркия. Кулп шаарында орун алган жардыруудан бир нече аскер кызматкери жабыркады

 

Түркиянын Диярбакыр аймагындагы Кулп шаарында орун алган жардыруудан бир нече аскер кызматкери жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жардыруу 29-майдан 30-майга караган түнү саат 22:00 чамасында Сирия өлкөсүнүн чек арасына жакын аймакта орун алган. Жардыруунун кесепетинен бир нече аскер адамы жаракат алган, бирок так саны айтыла элек. Белгилүү болгондой, жардыруу унаадан белгисиз адамдар түшүп, бир топ алыстыкка узап кеткенден кийин атайын жабдуунун жардамы менен ишке келтирилген. Учурда окуя болгон аймакта полиция кызматкерлери, "Тез жардам" кызматтары жана башка тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

"Жардырууну уюштургандар Күрдистандын жумушчулар партиясынын мүчөлөрү экендиги маалым. Учурда кылмышка шектүү адамдар кармалышты", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: