Бишкекте журналист Турат Акимовго кол салуу фактысы боюнча иликтөө иштери улантылууда. Кылмыштын бети ачыла элек



Бишкекте журналист Турат Акимовго кол салуу фактысы боюнча иликтөө иштери улантылууда. Учурда кылмыштын бети ачыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сейитов билдирди.
"Бул кылмыш иши боюнча иликтөө иштери токтогон жок, улантылууда. Иликтөө иштерин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүп жатышат. Учурда кылмыштын бети ачыла элек", - деди Б.Сейитов.
Эске салсак, 20-февралга караган түнү журналист Турат Акимовду үйүнүн жанынан белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Журналист бул иштин артында бүгүн кызматынан бошогон ички иштер министри Мелис Турганбаев турарын айтып чыккан. Бул ишти президент Алмазбек Атамбаев да жеке көзөмөлүнө алган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Medina87

30.05.2016. 23:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мелис Турганбаев ачпаса эми Кашкар(ын) Жумалиев ачып берет кут.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.