КҮНСЕРЕП: Турак жай саясатынын жоктугу жер басып алууга түртөт
Бүгүн, 30-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Президент Алмазбек Атамбаевдин 2016-жылдын 30-майындагы буйругу менен ички иштер министри Мелис Турганбаев кызматтан бошотулду. Министрликти убактылуу жетектөө милдети буга чейин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгын жетектеп келген Кашкар Жунушалиевге жүктөлдү. ИИМдин маалымат кызматы “министр жазган арызынын негизинде отставкага кеткенин президенттик маалымат кызматы билдирди” деген гана ырастоону айтып, кабар боюнча комментарий бере албай кыйналса, Мелис Турганбаев ЖМКларга бул кабар өзү үчүн күтүүсүз болгонун билдирди.
Аз убакыт аралыгында Кыргыз Республикасында күч түзүмдөрүнүн жетекчилери алмаштырылды. УКМК төрагасынын орун басары деңгээлдеги Улуттук коопсуздуктун коркунучтарын талдоо жана аныктоо кызматынын башына, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчилигине президент Алмазбек Атамбаев менен буга чейин иштешип, сынынан өткөн кадрлар барышты. Андыктан ИИМ жетекчилигине да ушундай кадр келет деген жоромолду айтып жаткандар көп эле. Турганбаевдин ордуна ким барары дароо эле белгилүү болду. Президент өкмөт башчынын сунушу менен ички иштер министринин милдетин убактылуу аткарып турууга Кашкар Жунушалиевди бекитти. Ошондой эле Жунушалиевди ИИМ жетекчисине талапкер катары Жогорку Кеңешке көрсөтүүнү өкмөт башчыга сунуштады. Генерал-майор Кашкар Жунушалиевди “ажонун жердеши” деп сындай баштачулар четтен чыгарына шек жок. Анткени ал Чүй облусунда төрөлүп, өмүр бою милиция кызматында эмгектенип келе жаткан, бул системди ийне-жибине чейин билген адам.
Турганбаевдин кызматтан алынышын көздөгөн күчтөр саясат айдыңында жетиштүү эле. Аны кызматтан алууга себепчи болуп берер окуялар, сындар дагы жетиштүү болчу. Мисалы, 2016-жылдын февралында журналист Турат Акимовго кол салуу болуп, жабырлануучу бул кылмышка министр Мелис Турганбаевди айыптап чыккан. “Мени өлтүрүүгө ички иштер министри буйрук бергенине 99 пайызга ишенем”, - деген жабырлануучу. Ички иштер министрлиги мындай олуттуу айыптоону четке кагып, кылмышкер тез арада табыларын билдирген эле. Андан бери үч жарым ай өткөнүнө, Мелис Турганбаевдин репутациясына доо кетип жатканына карабай чуулгандуу кылмыштын бети ачыла элек.
2016-жылдын март айында Халима Карабаева аттуу айым маалымат жыйынында Мелис Турганбаев жогорку мамлекеттик кызматтагы эки адам менен биргеликте уулунун бизнесин тартып алганын айтып, айыптаган. Бул маалыматты да министрлик “калп” деп четке кагуу менен чектелген.
Турганбаев “Коопсуз шаар” долбоору боюнча 2015-жылдын январында өткөн тендердин жыйынтыгына кол койбой, бул долбоордун ишке ашуусун кечеңдеткен өкмөт мүчөсү. Министр тендер мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирсе, процесстин башында турган анын орун басары Курсан Асанов эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун айткан. Кийинчерээк Турганбаев долбоорду министрлик өзү ишке ашырса болорун айтып чыккан. “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашса, жаңы түзүлгөн Жол-патрулдук милиция бүгүнкүдөй жүдөмөк эмес. Көчөлөргө видеокамералар толугу менен орнотула электе МАИ кызматы жоюлуп, Кайгуул-күзөт кызматы менен бириктирилип, Жол-патрулдук милиция түзүлдү. Ал шаардагы жол кыймылын көзөмөлдөөгө жетишпей жатканын жакында Турганбаев өзү да моюнга алган. Ушундай окуялар аны кызматтан алууга себепчи болду көрүнөт.
Убагында басып алынып, үй курулган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу демилгеси кайра көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында 2012-жылдын 3-августуна чейин басып алынып, үй курулган жер тилкелерин документтештирүү боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды. Демилгечи депутат Өмүрбек Текебаев мыйзамсыз курулган үйлөрдү бузуп жок кылуу мүмкүн эместигин, ал үйлөрдө жашаган жарандарды социалдык жактан колдоо зарылдыгын айтууда. Демилге парламенттен колдоо тапса, Бишкектин четиндеги конуштарда жайгашкан 3600гө жакын үй мыйзамдуу түрдө таанылат.
Кыргыз жеринде үй куруу үчүн жер басып алуу 1990-жылдары эле башталган. 1990-жылдагы кандуу Ош окуясы да жер маселесинен улам тутанганы маалым. Кыргыз жаштарынын “Ош аймагы” биримдиги Ош шаарынан турак жай курууга жер тилкесин бөлүп берүүнү бийликтен талап кылып чыккан. Ошол маалда Ош шаарында басымдуу көпчүлүктү түзгөн өзбек тектүү жарандардын “Адолат” кыймылы кыргыз өлкөсүнүн аймагында автономия түзүүнү, өзбек тилине расмий статус берүүнү талап кылып чыгышып, эки күчтүн кагылышуусу чоң жаңжалга, жүздөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген. Коррупция, көп жылдар бою жүргүзүлгөн улуттар аралык социалдык теңсиздик саясатынын жыйынтыгы Кыргыз Республикасына оор залал келтирген.
Оштогу козголоңдун толкуну Бишкекти да каптап, шаардын тегерегиндеги айдоо жерлерди басып алуу башталып, жаңы конуштардын алгачкылары да ошол 90-жылдары пайда болгон. Жер тилкесин бөлүп берүү боюнча кайрылууларга бийликтен оңгулуктуу жооп болбогондон кийин жарандар шаар четиндеги айдоо жерлерин басып алууга өтүшкөн. Кийин алар мыйзамдаштырылып, бүгүнкү күндө шаардын айланасында 50дөй конуш бар. Массалык түрдө жер басып алуунун экинчи толкуну Бишкекте 2005-жылкы революциядан кийин болгон. Өлкөдө жыл сайын миңдеген жаңы үй-бүлөлөр пайда болот, буга кошумча Ош жана Бишкек шаарларын көздөй агылган ички миграция күчөп жатат, шаарларда турак жайга муктаждык күч. Мамлекетте турак жай саясатынын жоктугу жарандарды жер басып алуу аргасыздыгына түртүп келет.
Мыйзамсыз басылып алынган жер тилкелерин мыйзамдаштыруунун кооптуу жагы – жарандарда “жер басып алсак, бийлик эртеби-кечпи мыйзамдаштырып берет” деген түшүнүк бекемделет. Элдин муктаждыгынан пайдаланып жер басып алуу учурларында чоң киреше табууга кынык алган “жер тилке мафиясын” да жок деп болбойт. Демилге парламенттин 5-чакырылышында көтөрүлгөндө көпчүлүк депутаттар ушул жагдайды белгилешип, долбоорду колдоодон баш тартышкан. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Өмүрбек Текебаев көрсөткөндөй, басылып алынган жерге үй салып, жашап жаткан жарандар өлкөдө кепилденген бир дагы укуктарын пайдалана албай жатышат. Балдарын бала бакчага, мектепке киргизе албай, ооруканага каттоого тура албай, кыйынчылык тартышууда. Миңдеген бул жарандардын да көйгөйү чечилип, түйшүгү жеңилдөөгө тийиш. Айтор, оңго барса өзү өлөт, солго барса аты өлөт деген абал. Ортодогу туура жолду табуу керек болот.
кошулду


