Чүй облусунун Кемин районунан "45 жаштагы аялды зордуктаган" деген шек менен 19 жаштагы бала кармалды

Чүй облусунун Кемин районунан "45 жаштагы аялды зордуктаган" деген шек менен 19 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кемин районунун Кемин айылынын жашоочусу, 45 жаштагы К.Д. аттуу аял "саат 23:30 чамасында чала тааныш адам айылдагы көчөлөрдүн биринде күч колдонуп зордуктады" деген арыз менен кайрылган. Иликтөө иштеринин алкагында 19 жаштагы М.К. аттуу жергиликтүү тургун кармалган.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

( катуу айтсам кечирим сурайм)