super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кашкар Жунушалиевдин ички иштер министри кызматына талапкерлигин жактырды

 

Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин 31-майдагы жыйынында ИИМдин башчысы кызматына Кашкар Жунушалиевдин талапкерлиги каралды.

Жыйындын жүрүшүндө талапкерге депутаттар туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу, милиция кызматкерлерин тандоо, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыруу боюнча каалоо-тилектерин айтышты.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөру К.Жунушалиевдин талапкерлигин жактырышты.

Жунушалиев Кашкар Астаканович 1961-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арчалы айылында туулган. 2000-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.


1981-жылы - Фрунзе ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкери;
1984-1986-жылдары - Фрунзе шаарындагы ИИМдин атайын орто мектебинде окуп, аяктаган соң Фрунзенин Октябрь РИИБинин аймактык тескөөчү кызматына дайындалган;
1991-жылдан тарта - Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин алдын алуу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
1992-жылы аталган - РИИБдин жооптуу тескөөчүсү;
1994-1997-жылдары - Октябрь РИИБинин башчысынын орун басары;
1997-1998-жылдары - Биринчи Май РИИБинин башчысынын орун басары;
1998-2003-жылдары - Бишкек ШИИББинин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы;
2003-2007-жылдары - Ысык-Көл ОИИБинин башчысынын орун басары;
2007-2008-жылдары - Чүй ОИИББинин башчысынын орун басары;
2008-жылы - Баткен ОИИБинин башчысынын орун басары;
2008-2009-жылдары - Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары;
2009-2010-жылдары - КРнын ИИМинин Коомдук коопсуздук боюнча мамлекеттик башкармалыгынын башчысы;
2010-2014-жылдары - КРнын ИИМинин башчысынын орун басары;
2014-2016-жылдары - Бишкек ШИИББинин башчысы;
2016-жылдын 30-майы - ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: