Абактагы кылмышкер менен апасы телефон аркылуу энелерди алдап, 395 миң сомдук материалдык чыгым алып келген

Абакта отурган кылмышкер апасы менен биргеликте телефон аркылуу энелерди алдап, 395 миң сомдук материалдык чыгым алып келген. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, телефон чалуу менен алданган энелердин саны бүгүнкү күндө 7 адамга жеткен. Алдангандардын баары окшош окуя менен кылмышкердин кылтагына илинген. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмыш окуясына шектүү катары түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан К.Э. аттуу Сузак районунун 1965-жылы туулган тургуну жана анын апасы Р.К. кармалган.
"Жабыркагандарга жакын адам болуп чалып, "кыргыз-казак чек арасында кармалып калдым, мага тезинен чоң суммада акча керек" деген мааниде айтып алдап келген", - деп айтылат маалыматта.







1 |