super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Үңкүр-Тоо боюнча протокол "жоголду", көргөн киши барбы?

 

Бүгүн, 31-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

"Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында жайгашкан" деп жазылган протокол боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгобойт. Маалыматты парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин 31-майдагы жыйынында башкы прокурордун орун басары Кылыч Токтогулов билдирди. Прокурордун айтымында, Үңкүр-Тоо маселеси боюнча өкмөт жыйынына министрлер кабинетинин 23 мүчөсү катышкан. Алардын 20сы менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, баары “жыйында Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында жайгашкан” деп сөз болбогонун айтышкан. “Протоколдун түп нускасын таба алган жокпуз. Бизде бар протоколдор (Кербен шаардык кеңеши караган протокол жана өкмөттөн берилген протокол) бир номерде, бир дата менен жазылган болууда. Протоколдун түп нускасы жок соттук-техникалык экспертиза дайындай албайбыз”, - деди Токтогулов.

Прокуратура өкүлүнүн “протоколдун түп нускасы табылган жок” дегени суроо жаратты. Өкмөттүн Үңкүр-Тоодо жайгашкан ретрансляциялык станцияга башка орун издөө боюнча протоколу да көчүрмө беле? Бул протоколду коомчулукка жарыялаганда өкмөттөн “Кербен шаардык кеңеши караган протокол жасалма” деген маалымат таратылбады беле? Документтин түп нускасынын сырдуу жоголуусу “Үңкүр-Тоо чын эле Өзбекстанга өтүп кеткенби?” деген күмөн ойлорду бекемдеди...

2016-жылдын 23-майында Бишкектин райондор аралык соту “Кумтөр” кениндеги иш процессинде экологиялык мыйзам бузуулар орун алгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын арызын канааттандырып, “Кумтөр” ишканасы 6 миллиард 698 миллион 877 290 сом доого жыгылган. “Центерра” компаниясы экологиялык мыйзам бузуулар боюнча инспекция коюп жаткан дооматтарды негизсиз деп санап, зарылчылык болсо Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна даттанарын жарыялады. Кыргыз мамлекетинде жүргөн сот процесстерине ишеним көрсөтпөй тургандыгын компания ачык билдирип, мындай талаштарды эл аралык арбитражга берүү укугун колдонушу мүмкүн экенин да эскертип өттү.

Азыр кыргыз өлкөсүнүн талуу жери ушул. Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында “Кумтөрдү” улутташтыруу маселеси көтөрүлгөндө көпчүлүк депутаттар “кыргыз тарап эл аралык соттон утулуп, ири суммада доого жыгылышы мүмкүн” деп улутташтырууга каршы чыгышкан. “Кумтөр” кенин Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында иштетүү керектиги 2010-жылдан бери далай айтылып, демилге көтөрүлгөнү менен, 6 жыл ичинде бул иш кыргыздын пайдасына бир карыш да жылган жок. Тескерисинче, “Кумтөр” маселеси улам бир өкмөттү отставкага кетирип, компания убакыттан утууда. Алтындын запасы чексиз эмес. Бир күнү ал да түгөнөт... Канадалык компания алакан жайып чыгып кеткенде кыргыз өлкөсү ууланган абасы, эрип жок болгон мөңгүсү, бузулган жер кыртышы менен калат...

Кыргыз мамлекетинде 2016-жылдын 3 айында жашы жете электе жумушка тартылган 132 бала аныкталды. Балдардын 103ү базарда, калганы өндүрүш тармагында иштеп жүрүшкөнүн эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди. “Баланы эмгекке үйрөтүү менен анын күчүн пайдалануунун айырмасы чоң. Жаш балдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү оор жумуштарды жасатууга мыйзам жол бербейт”, - дейт ал.

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 15-беренесинде “Балдардын эмгегин зыяндуу же коркунучтуу шарттары бар жумуштарда, жер алдындагы жумуштарда, алардын ден соолугуна жана адептик өнүгүшүнө зыян келтирген иштерде пайдаланууга тыюу салынат” деп жазылган. Кодексте “баланы тарбиялоо, ага билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн жана стабилдүүлүгүн камсыз кылуу” деген да пункт бар.

Кыргыз жеринде балдардын эмгеги үй-бүлөнүн каржылык муктаждыгын чечүүнүн бир жолуна айланган. Балдарды окуудан аксатып, иштөөгө түрткөн себептердин бири жакырчылык болсо, дагы бири - ата-эненин жоопкерсиздиги. Оор турмуштун айынан өспүрүм кезинде бир үй-бүлөнү багуу түйшүгүн моюнга алып, дыйканчылыкта, базарларда, тейлөө кызматтарында иштеген, атүгүл эмгек мигранттарынын катарында Орусия, Казакстанга барып иштеп жүргөн балдар бар. Иштегени барып суукка тоңуп каза тапканы да болууда. Кыргыз мамлекетинде балдарды коргоо боюнча жыйынтыктуу саясат жок. Болсо да алар жүзөгө ашпай кагаз бетинде жатат. Ал маселени чечүүчү чоңдор болсо ар бири 22 000 сомдук кресло сатып алып же бассейнде сүзүүгө жүз миңдеген сом акча бөлүп, бир башына бир нече кабинет жасатып-түзөтүп өздөрүнө ыңгайлуу шарт түзүү менен убара...






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: