super.kg logo

Күйөөсүн жиликтеген келиндин соту: Соттук отурумга чакырылган күбөлөр келбей калгандыгына байланыштуу соттук кароо 13-июнга жылдырылды

 

Бүгүн, 1-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда "күйөөсүн жиликтеп, анын дене бөлүктөрүн шаардын ар кайсы райондоруна таштаган" деп айыпталган келиндин иши боюнча соттук отурум улантылды.

Соттук отурумга чакырылган күбөлөр келбей калгандыгына байланыштуу соттук кароо 13-июнга жылдырылды. Прокурор отурумга чакырылган 2 күбө буга чейин өздөрү берген даректе жашабай тургандыгын билдирди. Ал эми дагы бир күбө Таласбек Токтосуновго операция жасалып, ал учурда төшөктө жатканы жана өзүнө келүү үчүн 10 күн керек экендиги айтылды.

Эскерте кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, чемоданга салынган денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
01.06.2016. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elaman.alai, провокацияга жол жок! Эскертүү!
01.06.2016. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тооба,бир туруп ойлоп кетем келин олтурбосо керек деп эми бир озу бир Аллах билетта балдарына жаман кыйын болсо керек бир мезгилде ата-энеден ажырап
01.06.2016. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олтургонун озу мойнуна алып жатса дагы не журот соттолбой
02.06.2016. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ сураныч ушул сот 13 июнь болгондон кийин созсуз бул Жака кабарлап койунуздарчы ,Ким кунолу экен билип алайлы ,менин ойум аялы олтурбогон болсо керек жон эле мойунга алып Алды да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: