КҮНСЕРЕП: 170 миллион керектөөчүсү бар рынокту Кыргыз Республикасы качан пайдалана баштайт?
Бүгүн, 1-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 31-майында Казакстанда өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышты. Өлкө жетекчиси Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке кириши менен кыргыз-казак чек арасынан бажы көзөмөлү алынып, Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттардын абалы жакшырганын, бирок чечилбеген олуттуу маселелер турганын айтты. Картошка, эт-сүт өңдүү азыктардын Кыргыз Республикасынан Казакстанга киргизилишин чектөө, кыргыз-казак чек арасынан ветеринардык көзөмөлдүн алынбай жатышы... Маселелер көп.
2010-жылы Орусия, Казакстан жана Беларусь мамлекеттеринин ортосунда Бажы биримдиги түзүлгөн. 2014-жылдын 29-майында бул альянс Евразиялык экономикалык биримдик аталып, келишимге Орусия, Казакстан жана Беларусь президенттери кол коюшуп, документ 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Кыргыз мамлекети аталган биримдикке 2015-жылдын 12-августунда толук мүчө болгон. Альянска киргенде ал өлкөлөрдө жашап, иштеп жүрүшкөн кыргыз мигранттарына бир катар жеңилдиктер берилген. Мисалы, уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагына Кыргыз Республикасынын жараны кирген күндөн тартып 30 күнгө чейин каттоого турбай жүрө алат. Кыргыз Республикасынын жарандары алган адистигине жана квалификациясына ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде өз кесиби менен иштей алышат. Орусияда иштейм дегендер мурдагыдай орус тилинен, тарыхтан жана укуктан сынак тапшыруудан кутулушкан.
Бирок Казакстан макулдашылган жеңилдиктерди бүгүнкү күнгө чейин толук бербей жатат. “Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрө алышыбыз керек эле, бирок мурункудай эле 5 күндүн ичинде каттоого турууну талап кылып жатышат” деп даттангандар көп. Коңшулар чек арадагы бөгөттөрүн да жоюуга шашылбай эле. Казакстандын аймагына кыргыз жеринен барган картошканын киргизилбей калганына 1 ай болду. Коңшулар кыргыз картошкасын “уулануулардын себепчиси болду” деп таап, шектенип жатышат. Мөмө-жемиш бышып, дыйкандар күткөн 170 миллион керектөөчүсү бар ири рыноктун пайдасын сезе турган учур кирип келди. Президент Атамбаевдин кайрылуусу ушундай зарыл маалда жасалды. Ажонун сөзүнөн кийин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев маселени кыска убакытта чечүүнү убадалады.
Убада аткарыла баштаганын бүгүн маалымат жыйынында президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди. Назарбаев кыргыз өлкөсүнөн картошканы киргизүүгө казак өкмөтүнө тапшырма бергени белгилүү болду. Бул үчүн кыргыз тарап экспорттой турган картошканы лабораториялык текшерүүдөн өткөрүшү керек болот. “Айыл чарба министрлиги бул ишти жакын арада чечет”, - деди Исаков. Коңшулар кыргыз өлкөсүндөгү лабораториянын бүтүмүн тааныйбы же дагы шылтоо таап, эл аралык стандарттагы текшерүү жыйынтыктарын талап кылышабы, азырынча белгисиз...
1-Июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө президент Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборунун балдардын онкология жана гематология бөлүмүндө дарыланып жаткан балдардан кабар алды. Балдар менен пикир алышкан өлкө жетекчиси бөлүмгө жардам катары 5 миллион сомдук материалдык жардамга сертификат тапшырды. " Ар бир ата-эне балдарынын оорубашын каалайт. Баланын ооруганын көргүчө, өзү ооруганы жакшы. Биз өзүбүздүн бактыбызды балдарыбыздын ден соолугу менен байланыштырабыз", - деди президент.
Балдарды коргоо күнү ойго салган жаңылыктар менен да коштолду. Жалал-Абад облусунда 14 жашар кыз төрөгөнүн бүгүн жергиликтүү тургундардын бири SUPER.KG порталына билдирди. Өспүрүм кезинде энеге айланган кызды ата-энеси үйүнө чыгарып кеткени белгилүү болду. 14 жаштагы кыздын төрөгөнү 2016-жылдын февралында Нарын облусунда да катталган. Мындай фактылар балдарга кам көрүү, туура тарбиялоо, кылмыштардын алдын алуу зарылдыгын көрсөтөт. Айыл жергесинде мындай иштер көбүнчө “кыргызча” бүтүп калат. Эки тарап бири-бирине дооматы жоктугун ырасташып, өспүрүм энени ымыркайдын атасына турмушка берүү менен окуяга чекит коюлат. Тилекке каршы, минтип кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу үчүн гана түзүлүп калган үй-бүлө бат эле урап түшөт.
Ички иштер министрлигине талапкер Кашкар Жунушалиев “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырам деп убада берди. Парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып: "Коопсуз шаар" - милиция кызматына керектүү долбоор. 3-июнда аталган долбоор боюнча сот отуруму өтүп, токтом чыгат. Андан соң мыйзам чегинде долбоорду ишке ашырам”, - деди ал.
Жунушалиевдин талапкерлигин парламент депутаттары 105 добуш менен колдошту. Аны кызматка дайындоо буйругуна эми президент Алмазбек Атамбаевдин кол коюшу күтүлүүдө.
“Коопсуз шаар” долбоору ишке ашырылып, көчөлөр видеокөзөмөл системи менен жабдылып, бул тармактагы коррупция төмөндөсө ,жаңы министр бийликтен эле эмес, коомчулуктан да колдоо табышы мүмкүн.
кошулду


