super.kg logo
  Саясат  

Чиновниктердин тойлорунда ысырапкорчулукту чектөөгө каршы болгон депутат: "Салттарыбызга кысым болбош керек"

 

"Илгертен келе жаткан элдик салттарга кысым болбош керек". Мындай пикирин бүгүн, 2-июнда SUPER.KG порталына чиновниктердин тойлорундагы ысырапкорчулукту чектөө демилгесине "каршы" деп добуш берген депутат Таалайбек Масабиров билдирди.

Анын айтымында, тойлордо элдин катышуусу маанилүү. "Аталган демилге тойлордо көп акча каражатынын сарпталганынан улам пайда болгон. Мен айылдарда бул маселе боюнча суроо бергем. Аксакалдар тойлордо чыгымдардын кыскарганын айтышты. Тойлорго келген адамдардын саны боюнча чектөө туура эмес. Кеченин ээсинин туугандары келбей койсо болбойт да", - деди Масабиров.

"Айрым жерлерде атаандаштык болуп, үйлөнүү тойлорунда көп унаалар эскортко чыгат. Бул маселени башка жол менен чечиш керек", - деп баса белгиледи депутат.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйынында “Кыргыз Республикасында салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке салуу жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча 1-окууда добуш берүү өткөн. Катталган 112 депутаттын 70и "каршы" деп добуш берсе, 42 депутат "макул" деп добуш берген. Жыйынтыгында долбоор 2-окууга өтпөй калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: