super.kg logo
  Саясат  

Депутат Жээнчороев президентке мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү керек эмес деген ойдо

 

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын 3-июндагы жыйынында шайлоо боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды.

Депутат Мирлан Жээнчороевдин пикири боюнча, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо мамлекеттик тил боюнча сынакты алып салуу керек. "Президент көп сүйлөгөндүн ордуна, көбүрөөк иштеш керек", - деген оюн билдирди Жээнчороев.

Мындан тышкары депутат парламенттик шайлоодо саясий партиялар үчүн босоголук чекти 7 пайыздан 10 пайызга чейин көтөрүүнү сунуштады. Мындай сунушун ал "босоголук чекти жогорулатуу саясий күчтөрдүн биригишине, өнүгүшүнө жардам берет" деп түшүндүрдү.

Депутат Кенжебек Бокоев президенттикке талапкерлер үчүн мамлекеттик тил боюнча сынакты алып салуу сунушка каршы чыкты. Анын айтымында, Конституцияга ылайык, мамлекет башчы мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билиш керек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: