Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда көзү ачык "21 жаштагы кызды зордуктады" деп шектелүүдө
Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда көзү ачык "21 жаштагы кызды зордуктады" деп шектелүүдө. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-июнь күнү Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда 67 жаштагы көзү ачык киши зордуктаганы тууралуу арыз менен 21 жаштагы кыз кайрылган. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында зордуктоого 67 жаштагы жаран шектелүүдө.
"Жабырлануучу буга чейин 3 күн катарынан көзү ачыкка барып укалоо жолу менен дарыланып жүргөн. "Укалоо процесси аяктагандан кийин күч колдонуп зордуктаган" деген маалыматты териштирип жатабыз. Учурда биологиялык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгы 10 күн аралыгында даяр болот. Мындан улам шектүү жаран азырынча кармала элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
-2

Бою жетпеген этти сасык дегендей эле нерсе.
Эрки күчтүү адам баардык нерседе өзүн карамана алат. Сага да ошондой болууну сунуштайт элем.
Интернеттен издеп корсонор, тажик молдолордун видеолору бар...