super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Атамбаевдин кайрылуусунан кийин казактар кыймылга келишти

 

Бүгүн, 3-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Кыргыз жарандары эми Казакстандын аймагында 30 күн каттоосуз жүрө алышат. Казак тарап өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүү киргизүү боюнча документ даярдап, учурда тийиштүү процедуралардан өтүп жатканы белгилүү болду. Буга чейин кыргыз жарандары коңшу өлкөнүн аймагында 5 гана күн каттоосуз жүрө алышчу. Евразиялык экономикалык биримдиктин шарты боюнча бул мөөнөт 30 күнгө узартылган, бирок Казакстан бүгүнкү күнгө чейин бул милдеттенмени аткарбай келе жаткан.

Президент Алмазбек Атамбаев 31-майда Астанада өткөн Жогорку евразиялык экономикалык кеңешине мүчө мамлекеттердин башчыларынын жыйынында казак тараптын биримдиктеги Кыргыз Республикасынын союздашы экенине карабай, айрым милдеттенмелерди аткарбай жатканын билдирген эле. Ушундай сындардан кийин гана казак өкмөтү кыймылга келди.

26-майда Кыргыз Республикасынын Миграция боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары Алмазбек Асанбаев Казакстанга жооп катары кыргыз жерине кирген казактардын каттоосуз жүрүү мөөнөтүн 30 күндөн 5 күнгө кыскартууну сунуштаган. Бул сунуш да казак тарапты кыймылга келтирүүгө кошумча түрткү болду.

Расмий маалыматтарга таянсак, Казакстанда азыркы учурда кыргыз өлкөсүнөн барган 90 миңдей эмгек мигранты бар. Соода, тейлөө кызматтары менен коңшу өлкөгө бат-баттан кирип-чыгып тургандар да көп. Кыска убакытка коңшу өлкөнүн босогосун аттагандарга 5 күн ичинде каттоого туруу талабы ашыкча түйшүк жаратып келет.

Казакстан кыргыз жеринде өстүрүлгөн картошканы ташып киргизүүгө да уруксат бергени жатат. “Уулануулардын себепчиси болду” деп 1 айдан бери кыргыз картошкасын чек арадан өткөрбөй келишкен. Ошентип, ажонун Казакстанга жасаган сапары жемиштүү болду. Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдикте өз кызыкчылыгын кичинекей кадамдар менен улам арылап коргоого өттү...

Бишкектин “Тазалык” кызматы шаардын көчөлөрүндө жол жээктерин жууп баштады. Жол четиндеги чаңды тазалоо үчүн 4 бригада иштеп жатканы айтылат мэрия тараткан маалыматта. Мындан тышкары аялдамалар жана жүргүнчү ташыган муниципалдык унаалар жуулуп жатканы белгилүү болду. Кышында кар менен муздан, жайында буруксуган чаңдан арылбаган көчөлөрдүн жуулуп жатканын көргөн бишкектиктер таң калышууда. Өнүккөн өлкөлөрдүн шаарларында көчөлөрдү жууп, суу чачып туруу кадимки иш. Бишкектин айрым борбордук көчөлөрүнө гана кээде суу себилип турат. Аялдамалардын абалы менен эч кимдин иши деле жок болчу... Бишкектин башчылыгына келген Албек Ибраимовдун энергиясы эми баш калаабызды таштандыдан, капыстан кулап адамдарды басып калчу бактардан жана жалбырактарды жеп салып, бактардын өң-келбетин, шаардын көркүн бузган курт-кумурскадан арылтууга жетсин...

Май айынын башында президент Алмазбек Атамбаевге Албек Ибраимов мэрияга караштуу кызматтардын ишин жандантууну убадалаган. Тазалыкка көңүл бурула баштаганы шаардыктарга үмүт берип, жылуу пикир жаратты.

Орусияда курулушта иштеген кыргыз өлкөсүнүн жараны имараттан кулап каза тапты. Кырсык Санкт-Петербург шаарында болуп, “Тез жардам” кызматкерлери алгачкы жардамды көрсөтүшкөнүнө карабай 31 жаштагы мекендешибизди сактап калуу мүмкүн болбоду. Маркумдун сөөгүн кыргыз жерине алып келүү иштери башталганы кабарланды. Чет жактан мекениндеги жумушсуздуктан улам чет өлкөгө ийгилик издеп кеткен дагы бир мекендешибиз башка өлкөдөн ажал тапты.

Кыргыздар каза тапкан ири кырсык 2016-жылдын январында Москва шаарында катталган. Тигүү цехтеринин биринен өрт чыгып, анын кесепетинен 12 киши көз жумган. Каза тапкандардын 8и кыргыз жарандары болгон. Расмий маалыматтарга таянсак, 2014-жылы эле Орусияда иштеп жүргөн 280 мигрант көз жумган. Өкүнүчтүүсү, шайлоо алдында убадаланган завод-фабрикалар курулбай, иш орундары түзүлбөй, карапайым эл сыртка агылууда. Өлкөдө иш орундарынын пайда болушу сырткы миграцияны, анын курмандыктарын, балдардын азабын азайтар эле...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: