"2010-жылы митингге чыккандарга каршы курал колдонгон" деп айыпталган Мурат Суталинов сот залында камакка алынды

Бүгүн, 3-июнда Аскердик сотто 2010-жылкы 7-Апрель окуясы боюнча козголгон кылмыш ишин кароо улантылды. Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурунку төрагасы Мурат Суталинов менен Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын мурунку орун басары Данияр Дунганов сот залында камакка алынышты.
Сот Суталиновго тагылган айыптар толугу менен далилденип, аны 20 жылга, ал эми Дунгановду 25 жылга эркинен ажыратуу боюнча Бишкек гарнизонунун өкүмүн күчүндө калтырды.
Аларга "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан элдерге каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптар тагылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Иш жузундо кылмышы далилденген болсо жазасын тартсын!