ЖЫЛНААМА, 4-ИЮНЬ: Футболчу, Германия курамасынын чабуулчусу Лукас Подольски 31 жашка толду

Германия курама командасынын оюнчусу, түркиялык “Галатасарай” футболдук клубунун чабуулчусу Лукас Подольски 31 жашка толду. Ал 1985-жылы Польшанын Гливице шаарында төрөлгөн.
Лукас Подольски 2003-жылдан 2006-жылга чейин Германиянын "Кёльн" футболдук клубунда ойносо, 2006-2009-жылдары "Баварияда", ал эми 2009-2012-жылдары кайрадан "Кёльндо" ойногон. Ал эми 2012-жылы лондондук “Арсеналдын” курамына, 2015-жылы италиялык "Интерге" кошулган. Ошол эле жылы аны түркиялык "Галатасарай" клубу сатып алган.
Футболчу Германиянын курамында 2006-жылкы жана 2010-жылкы Дүйнө чемпиондугунда коло медалдарды тагынган. 2014-жылы Дүйнө чемпиону болууга жетишкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:40
2025-07-06
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Туркияда Арсенал деген клуб барбы?