super.kg logo

Бишкекте "Эльдорадо" ачылды

 

4-июнда Бишкекте үй тиричилик техникасын жана электроника сатуучу "Эльдорадо" ири дүкөнүнүн салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Ал борбор калаадагы Ибраимов менен Жибек-Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Иш-чарага дүкөндүн ачылышын күткөн жергиликтүү жашоочулар, шаар тургундары катышты. Ачылыш аземинде сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер берилди. Андан соң дүкөндүн ээлери кызыл тасма кесүү менен имараттын эшигин ачып, келген коноктордун баарын дүкөнгө кирүүгө чакырышты. Ал эми кызматкерлер алгачкы конокторду кол чаап тосуп алышты.

Жаңы ачылган "Эльдорадо" дүкөнүнүн жалпы аянты 1600 чарчы метрди түзөт. Бул жерден үй тиричилигине керектүү техника, кир жуучу машина, муздаткыч, газ плитасы, суу жылытуучу жабдуу, ошондой эле уюлдук телефон, планшет, ноутбук, компьютер жана башка заманбап техника сатып алса болот. Же болбосо имараттын ичиндеги банк филиалы аркылуу жагып калган товарды насыяга алууга мүмкүнчүлүк бар.

"Эльдорадонун" Кооператив кардарлары жана франчайзинг менен иштөө боюнча департаментинин директору Роман Горковецтин айтымында, кыргыз өлкөсүнүн борбору Бишкекке Орусиядагы ири тиричилик-электроника техникасынын ритейлдерин алып келүү ал үчүн чоң сыймык.

"Эльдорадо" брендинин алдындагы биринчи дүкөн Орусия Федерациясынын чегинен сырткары ушул кооз жана меймандос шаарда ачылып жатканына сыймыктанам. "Эльдорадо" - бул үй-бүлө үчүн дүкөн, кызматкерлердин эң жогорку деңгээлдеги тейлөөсү жана кесипкөйлүгү сиздин үйгө жайлуулук жана өз ара түшүнүшүү алып келет. Мен "Эльдорадо" кыргыз жериндеги сүйүктүү жана популярдуу дүкөнгө айланат деп чын жүрөгүмдөн ишенем, ошондой эле биздин өнөктөштөргө ишке берилгендиги, кайраттуулугу жана бизге ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирем",- деди Горковец.

Айта кетсек, "Эльдорадо" - Орусиянын үй тиричилик техникасы жана электроника сатуучу ири дүкөндөр тармагы. Анын 600дөн ашуун дүкөндөрү Орусиянын 200дөн ашуун шаарларында жайгашкан. 2016-жылы Кыргыз Республикасынан тышкары эми Молдова, Армения жана Казакстандын ири шаарларында "Эльдорадо" дүкөндөрүнүн ачылышы пландалууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(24)
07.06.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн жакшы
07.06.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
КФС ачкыла эң сонун болот
07.06.2016. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aianaaiana,КФС ачып не кыласын аны роосия озу жогото албай атса
08.06.2016. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
taalai9411,kfc зыянбы ??
07.06.2016. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ашан Жана Оби ачыш керек
07.06.2016. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылык
07.06.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оо ушул жанылык
07.06.2016. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кфснин крылышкилери сооонун ошону ачышса жакшы болот бирок крылышки фри болсо болду калган бургер гамбургерди жебей эле коюу керек,себеп катлети кандай эттен жасалат бир кудай билет. Эргулдун эттеринен чочконун эттеринен жасалса деле ким айырмалайт эле.
Keremet008 түзөттү 2016-06-07 18:50:32
07.06.2016. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Технодом да ачылды беле жакында, демек конкуренция кучоптур да
08.06.2016. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жургуло кеттик Эльдорадого
08.06.2016. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчаң болсо
08.06.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tashi62, Болот буйруса буйрубаса кейибе бир тууган.
08.06.2016. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кудай буйруса.
08.06.2016. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
MOSCOW-BISHKEK рулит!
08.06.2016. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
М.Видео жок го?
08.06.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Genar.benicio,м видеонун не кереги бар башканы туурап?
08.06.2016. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А менинин кыялым Старбакс кофелери качан ачылат экен эххх
AKCAHAT түзөттү 2016-06-08 10:50:38
08.06.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичинде КФС да жайгашпаптырбы...? Кирип крылышки жеп чыксак.))))
08.06.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коп эле ачылып атат, баасы асмандын башы, ачылганга жараша карапайым элди ойлоп, арзандатышсаго.
08.06.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми Бмшкектин четине гилтейгеен Белая Дача ачып коюшса. Ашаны да, ОБИ си да, КФС си да, Макдональдс да баары болмок. Албетте бул кыял...))
08.06.2016. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orun,сууга айтсан болот буну
08.06.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мынча кызыктынар элдорадого,алар эчкачан элдин,кардарлардын кызыкчылыгын ойлобойт,оздорунукун гана ойлойт.ишенбесенер кредитке бирнерсе алсанар же алган буюмунар бузулуп гарантиясы тууралуу кайрылсанар билесинер
09.06.2016. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы, жакшы. Эч ким жазбаптыр, ойлонгулачы жок дегенде 20 ишкер иштеседа жакшы, орусияга барбай ушул озубуздо иштесе кандай жакшы уй булосунун жанында.
09.06.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: