super.kg logo

Хакерлер Марк Цукербергдин LinkedIn, Instagram жана Twitter баракчаларын бузганын маалымдашты

 

"Ourmine" деп аталган хакерлер тобу Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукербергдин LinkedIn, Instagram, Pinterest жана Twitter баракчаларын бузганын чет элдик басылмалар кабарлайт.

Хакерлер тобунун мүчөлөрү мындай жол менен белгилүү социалдык тармактын негиздөөчүсүнүн коопсуздугу канчалык корголгонун сынагылары келгенин айтышып, Цукербергди алар менен байланышка чыгууга чакырышкан.

Марк Цукерберг 2012-жылдан бери колдонбогон Twitter сайтындагы баракчасына билдирүү чыгып, ал кийин өчүрүлгөн. Анын Pinterest баракчасына "бузулду" деген жазуу пайда болгон. Ошол эле учурда Цукербергдин Instagram баракчасы бузулганын тактаган маалыматтар жок.

Эксперттердин оюнда, Цукербергдин баракчаларын бузуу 2012-жылы LinkedIn социалдык тармагында сыр сөздөрүнүн чыгып кетиши менен байланыштуу болушу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: