super.kg logo
  Саясат  

Дмитрий Медведевдин иш сапарынын алкагында 5 документке кол коюлмакчы (тизме)

 

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин Кыргыз Республикасына иш сапарынын алкагында 5 документке кол коюлмакчы. Алар:

1) Мунай жана мунайзатты ташуу боюнча кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин долбоору;

2) Социалдык-эмгек тармагында кызматташуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Орусия Федерациясынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин ортосундагы келишимдин долбоору;

3) 2016-2017-жылдарга КРнын Тышкы иштер министрлиги менен Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосунда кызматташуу программасынын долбоору,

4) КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматы менен Орусиянын Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоору;

5) Мамлекеттик башкарууну автоматташтыруу тармагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Орусиянын Байланыш жана коммуникациялар министрлигинин ортосундагы меморандумдун долбоору.

Айта кетсек, Д.Медведев 6-7-июнь күндөрү Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммитине катышат. Иш сапар алкагында ал президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен расмий жолугушууларды өткөрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: