super.kg logo
  Саясат  

Дмитрий Медведев: "Орусия Кыргыз Республикасынын газ тармагына 2030-жылга чейин 100 миллиард рубль инвестиция бөлүп бермекчи"

 

"Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоо боюнча инвестиция бөлүү пландары бар",- деди бүгүн, 6-июнда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен эки тараптуу жолугушуусунда Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев.

"Мамлекеттерибиздин ортосундагы көптөгөн маселелер ынтымакта чечилет. Бизде да, силерде да экономикалык кыйынчылыктар болуп жатат, бирок бул кыйынчылыктардан бирге чыгуу туура деп ойлойм. Биз каралчу маселелерди конструктивдүү талкуулоого даярбыз",- деди Медведев.

"Жакында жаңы москвалык аэропорт ачылган. Анда туруктуу каттамдарды жүргүзө турган эки компаниянын бири кыргыз авиакомпаниясы болгону маанилүү. Бул эки мамлекеттин ортосундагы авиация тармагындагы кызматташтыкты көрсөтөт. Мындан тышкары газ тармагында кызматташуу боюнча талкуу жүргүзүп, жыйынтыгында Кыргыз Республикасын газ менен камсыздоо боюнча инвестиция бөлүү боюнча олуттуу пландарды алдыбызга койдук. "Газпром" ишканасы бул боюнча иштеп жатат. Орусия Кыргыз Республикасынын газ тармагына 2030-жылга чейин 100 миллиард рубль инвестиция бөлүп бермекчи. Жакынкы 2 жыл ичинде бул акча каражатынын үчтөн бири бөлүнөт", - деп билдирди Орусиянын өкмөт башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: