super.kg logo

Казакстанда "бийликти басып алууга аракеттенген" деген шек менен чиновниктер кармалышты

 

Тохтар ТулешовКазакстанда "бийликти басып алууга аракеттенген" деген шек менен бир топ чиновник кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, дем алыш күндөрү Астана, Алматы жана Шымкент шаарларында жеке ишкер Тохтар Тулешовдун пикирдештери колго түшкөн. "Алардын арасында экс-башкы прокурордун биринчи орун басары, конституциялык кеңештин мүрунку мүчөсү Ильяс Бахтыбаев, облустук Ички иштер департаментинин мурунку башчысы Хабритулла Доскалиев, облустук Ички иштер департаментинин башчысынын орун басары Сакен Айтбеков, аскер бөлүктөрүнүн командирлери Бекзат Жумин жана Кайрат Пернебаев бар. Алар СИЗОго камалышты. Учурда алардын баш коргоо чарасы каралууда", - деп жазышат басылмалар.

“Шымкентпиво” ишканасынын ээси, жеке ишкер Тохтар Тулешев 30-январда Шымкент шаарында кармалган. Ал баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү, бир топ оор жана өтө оор кылмыштар боюнча күнөөлөнүүдө. Бул кылмыштардын ичинде адам өлтүрүү жана адам уурдоону уюштуруу, денеге оор залал келтирүү, рейдерлик да бар.

Тергөөнүн маалыматтарына ылайык, Тулешов былтыр бийликти басып алууну даярдоо иштерин жүргүзгөн. Нааразычылык акцияларды жана массалык тополоңдорду уюштуруп, ал альтернативдик өкмөттү түзүү аркылуу бийликтин түзүмүн өзгөртүүнү пландаган", - деп айтылат маалыматтарда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
06.06.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мунун артында ЦРУ болушу толук мумкун. Алар Россияга жакын мамлекеттерди кашасын чыгарып, Россияга эптеп таасир этуу керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: