super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Революциялар толкуну Казакстанды көздөй багыт алды

 

Бүгүн, 6-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Бишкекке расмий иш сапары менен Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев келди. Премьер 6-7-июнга пландалган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитине катышат. Орусиядан келген делегация менен жолугушууда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кызматташуу, кыргыз продукциясын Орусия рыногуна киргизүү, эмгек миграциясы маселелерин эки тараптуу талкуулап, чечимдер кабыл алынышы керектигин айтты. Жолугушуудан кийин кыргыз-орус кызматташтыгына тийиштүү 5 документке кол коюлду. Анын ичинде мунай жана мунайзатты ташуу боюнча кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык келишимдин, социалдык-эмгек багытында кызматташуу жөнүндө келишимдин долбоорлору бар. Премьерлер миграция тармагына да көңүл бурушту...

2016-жылдын апрелинде президент Владимир Путиндин буйругу менен Орусиянын Федералдык миграция кызматы өз алдынча орган катары жоюлуп, Ички иштер министрлигинин курамына кошулган. 1-июндан тарта анын функциясы толугу менен министрликке өттү, эми эмгек мигранттарын ИИМдин алдындагы Миграция маселелери боюнча башкармалык көзөмөлдөйт. Орусия бул кадамын “миграциялык тармакты башкарууну жакшыртуу” деп атады. Мигранттарды көзөмөлдөө укугунун милицияга берилиши “кара тизмеге” илинген кыргызстандыктардын санын көбөйтөт деген кооптонуулар айтылып жатат. Реформанын жыйынтыгын көрсөтүү үчүн Орусиянын укук коргоо кызматкерлери ансыз да түрдүү кыйынчылыктар менен иштеп жүргөн мигранттарды бура бастырбай, ар кандай шылтоолор менен депортация кылууга өтөрүн айтып тынчсыздангандар бар. Премьер Жээнбеков бүгүн кол коюлган келишим долбооруна ылайык, эки өлкөнүн тийиштүү органдары Орусиядагы кыргыз мигранттарынын абалын жакшыртуунун үстүнөн иштей турганын билдирди.

Жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Миграция маселеси боюнча кызматынын моюнунда. Миграция кызматы Орусияда “кара тизмеге” илинген кыргыз жеринен барган мигранттарды бул тизмеден чыгаруу, тизмеге илиниши мүмкүн болуп тургандардын санын кыскартуу, аларга жеңилдиктерди түзүп берүү боюнча Орусиянын ИИМи менен тил табышууга тийиш. Расмий маалыматтарга таянсак, учурда 119 миңге жакын мекендештерибиз “кара тизмеде” турушат. 2015-жылы 77 миң мекендешибиз ал тизмеден чыгарылган.

Медведев Орусия кыргыз өлкөсүнүн газ тармагына 100 миллиард рубль инвестиция алып келерин убадалады. Анын айтымында, алдыдагы 2 жыл ичинде каражаттын үчтөн бири которулуп, бул сумма 2030-жылга чейин берилип бүтөт. Орусия экономикалык кыйынчылыкта күн кечирип жатканын Медведев баса белгилеп өттү. Андыктан акча казынага келип түшмөйүнчө аны инвестициялык куржунга кошуп эсептеп сүйүнүүгө азырынча эрте. Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын тагдыры эсибизде болгону оң...

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевди Данакер ордени менен сыйлады. Сыйлык эки өлкөнүн мамилесин бекемдөөгө жана стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилди. Өлкө башчысы өз сөзүндө Медведев президент кезинде да Кыргыз Республикасын колдоп келгенин, азыр өкмөттү жетектеп турганда да колдоо көрсөтүп жатканын белгилеп, өзүнүн жана кыргыз элинин атынан ыраазычылык айтты.

Диний экстремизм биздин мамлекет менен канатташ жайгашкан Казакстанга баш багып, 5-июнь күнү өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаратты. Актөбө шаарында учурда 2 курал-жарак дүкөнүнө, аскердик бөлүккө кол салып, 18 адамдын өлүмүнө себепчи болгон кылмышкерлерди кармоо операциясы жүрүүдө. Шаарда терроризм коркунучунун “кызыл” (жогорку) деңгээли жарыяланып, коомдук унаалар токтотулуп, тартип сакчылары шаар тургундарын зарылчылык болбосо үйлөрдөн чыкпай отурууну суранышууда. Учурда интернет өчүрүлүп, уюлдук байланыш үзгүлтүккө учуроо менен иштеп жатат.

5-июнь күнү аталган шаардагы 2 курал-жарак дүкөнүнө кол салуу болуп, кылмышкерлер курал-жарак тоноп кетишкен. Бул топ андан ары Улуттук гвардиянын Актөбөдөгү аскер бөлүгүнө кол салып, атышуулардан 12 террорчу, 3 аскер кызматкери жана 3 жөнөкөй жаран болуп, жалпы 18 адам каза тапканы, 20 адам жаракат алганы белгилүү болду. Коңшу өлкөнүн ички иштер органдары кандуу атышууну уюштургандарды радикалдуу диний агымдын мүчөлөрү дешүүдө.

Коңшу Казакстанды силкинткен бир эле террорчулар окуясы болбоду. Ушул эле 5-июнда “бийликти басып алууга жана массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылышкан” деп шектелип Казакстандын бир катар мурунку чиновниктери кармалды. 2016-жылдын февраль айында белгилүү ишкер Тохтар Тулешов камакка алынган эле. Эми анын санаалаштары катары Казакстандын башкы прокурорунун мурунку биринчи орун басары, Конституциялык кеңештин мурунку мүчөсү Ильяс Бахтыбаев, Түштүк Казакстан облустук ички иштер департаментинин мурунку башчысы Хибратулла Доскалиев, аталган департаменттин башчысынын мурунку биринчи орун басары Сакен Айтбеков, аскер бөлүктөрүнүн командирлери Бекзат Жумин жана Кайрат Пернебаев кармалды. Кылмышка шектүүлөр Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети тарабынан Астана, Алматы жана Шымкент шаарларынан кармалган.

Шектүүлөр азырынча убактылуу кармоочу жайда экенин, алардын мындан аркы тагдыры чечилип жатканын бүгүн Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү Руслан Карасев билдирди. Анын айтымында, кылмышка шектелип кармалгандар массалык тополоң, нааразычылык акцияларын уюштуруу менен өлкөдө абалды курчутуп, анын артынан “альтернативдүү өкмөт” түзүп, бийликти колго алууга даярдык көрүшкөн.

Кыргыз жеринде революциялар болгондо Казакстан Кыргыз Республикасы менен болгон чек арасын катуулап кайтарып, жаап салууга чейин барат. Тополоңдун эпкини Казакстанга да өтүп кетишинен чочулайт. Бирок азыркы 21-кылымда чек араны жаап салуу менен эле коркунуч жоголуп кетпейт. Революциялар толкуну Казакстанды көздөй багыт алганы түшүнүктүү болуп турат...

Казакстандагы окуядан улам SUPER.KG порталы Кыргыз Республикасынын тийиштүү органдарына кайрылды. Мамлекеттик чек ара кызматынан кыргыз-казак чек ара бекетинин ишинде эч кандай өзгөрүү болбой турганын, чек ара көзөмөлү кадимки режимде иштеп жатканын билдиришти. Коңшуларга салыштырмалуу мамлекетибиз өнөктөштүк-боордоштук принципти бекемирээк карманарын көрсөттү. Болбосо “тынчтанып алгыла” деген жүйө менен чек ара көзөмөлүн күчөтүүгө киришсе деле жарашмак...


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: