super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз жергесинде КМШнын Өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны өтөт

 

Бишкекте бүгүн, 7-июнда Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин мааракелик жыйыны өтөт.

Жыйынга Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Карим Масимов, Молдова Республикасынын Премьер-министри Павел Филип, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода, Армения Республикасынын Вице-премьер-министри Ваче Габриелян, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов, Азербайжан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдулла оглы жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Сатлык Сатлыков жана Украинанын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николай Дорошенконун катышары күтүлүүдө.

Ошондой эле жыйындын ишине КМШ Аткаруу комитетинин төрагасы – аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышмакчы.

Жыйында КМШ мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган жыйырмадан ашуун биргелешкен документтерге кол коюлуусу күтүлүүдө.

КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынын чагылдырууга КМШ өлкөлөрүнөн 49 ЖМК өкүлдөрү саналган 118 журналист каттоодон өткөн. 200дөн ашуун журналистке эсептелген пресс-борбор уюштурулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: