super.kg logo

№50-СИЗОдон качкан кылмышкерлер боюнча белгиленген соттук отурум кийинкиге жылдырылды

 

Чүй облусунун Төмөнкү-Нооруз айылындагы №50-СИЗОдон качкан кылмышкерлердин иши боюнча белгиленген соттук отурум кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу 7-июнда SUPER.KG порталына Свердлов райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу Нурсият Рысбекованын жактоочусунун жакындары каза болуп, ал соттук отурумга келбей калгандыгына байланыштуу соттук отурум 9-июнга калтырылды.

Буга чейинки соттук отурум 30-майда жана 3-июнда өтүп, анда абактан качкан кылмышкерлердин бири Болот Курбанакунов суракка алынган.

Эске салсак, 12-октябрга караган түнү Төмөнкү-Нооруз айылында жайгашкан №50-абактан жалпы 9 адам качып чыккан. Абактан качкан кылмышкерлердин колунан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери Таалайбек Өмүрзаков, Туратбек Садыбакасов, Орозбек уулу Фархат ошол күнү каза болушса, оор жаракат алган Тилек Абылгазиев ооруканада өзүнө келбей жатып жан берген.

Качып чыккан кылмышкерлердин бешөөсү ошол эле түнү МАИ кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлгөн. Кармалгандардын арасынан үч кылмышкер: Муратбек Жумалиев, Таалайбек Жуманов жана Бакыт Кенжегулов жүрөк оорусу, дем алуу органдарынын жабыркашынан жана баш сөөгүнөн алган жаракатынан түрмөдө каза болушту.

Качып чыгып издөөдө жүргөн Данияр Кадыралиев Дордой конушунда 16-октябрда, 28 жаштагы Азамат Мусуралиев 20-октябрда Сокулукта өлтүрүлгөн. Издөөдө жүргөн кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановду 22-октябрда кармоо учурунда анын бутуна ок тийген эле. Ага Чүй облустук ооруканасында операция жасалды. 22-октябрда Алтынбек Итибаевди Достук кичи районундагы №8-Б көп батирлүү 3 кабаттуу үйдө кармоо операциясынын жүрүшүндө ал курал колдонуп каршылык көрсөткөн. Ок атышуу болуп, А.Итибаев өлтүрүлгөн.

Ал эми Алик Мамыркуловдун буйругу менен "коом үчүн коркунучтуу кылмышкерлердин түрмөдөн качуусуна жеткирген олуттуу каталарды кетиргени үчүн" деп №50-СИЗОнун бир топ жетекчилери иштен алынган. Алардын катарында Иманкул Телтаев да айыпталып, ЖАМК "тергөөнүн жыйынтыгына жараша Телтаев тийиштүү жазасын алат" деп билдирген эле. Телтаев №1-СИЗОнун медициналык бөлүмүндө шейшеби менен асынып алган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.06.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болду еми дагы бир екеи жолу артка жылдырышата ошол бойдон калып кетет бебечара карапайм олуп кетет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: