Жанар Акаев министрлерди журналисттердин артынан чурката турган мыйзам даярдалганын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев министрлерди журналисттердин артынан чурката турган мыйзам даярдалганын бүгүн, 7-июнда социалдык тармактагы баракчасына жазды. Тагыраагы, өкмөттүн маанилүү чечимдерин элге жеткиликтүү түшүндүрүп берүү милдетин өкмөттүк органдарга жүктөөгө багытталган мыйзам долбоору комитеттен 1-окуудан өткөнүн маалымдады. "Журналисттер министрлердин артынан чуркабай, жасаган ишин элге жеткирүү үчүн өкмөт мүчөлөрү журналисттердин артынан чуркашы керек" деген депутат автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу, жөлөк пул маселелери боюнча элге түшүнүктүү маалымат берилбей жатканын мисал келтирди.
Маалыматка таянсак, долбоорго алымча-кошумчалар киргизилип, жакын арада парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
1

