super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу демилгеси көтөрүлдү

 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган “КРнын Өкмөтү жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Иштеп жаткан мыйзамда өкмөт мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотуу үчүн айрым негиздер (антты жана ченемдик-укуктук актыларды бузуу) белгиленгени менен, кызмат ордунан ким жана кандай тартипте бошотулары так аныктаган эмес. Ушул мүчүлүштүктү жоюу максатында мыйзам долбоору аркылуу бул маселени чечүүнүн бирдиктүү тартиби белгиленүүдө. Атап айтканда, премьер-министрдин сунуштамасы боюнча президент өкмөт мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотот.

Андан тышкары өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” мыйзам өкмөт мүчөсүнө ишенимди жоготууга алып келе турган аракеттерди же аракетсиздиктерди кылгандыгы үчүн аны кызмат ордунан бошотуу мүмкүнчүлүгүн караган 11-пункт менен толукталууда.

Тармактык комитеттин төрайымы Галина Скрипкина иштеп жаткан мыйзамда өкмөт мүчөсүн бошотуу
жол-жоболору так аныкталбай калганын депутаттардын эсине салды. “Азыркы мыйзам долбооруна ылайык, премьер-министр өкмөт мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө сунуштама берет. Ал эми президент ал сунуштаманы негизсиз деп тапса, өкмөт мүчөсү өз кызматында иштей берет”, - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: