super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте КМШ өкмөт башчыларынын саммити башталды

 

Бүгүн, 7-июнда Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммити башталды. Жыйын КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгынын астында өтүүдө.

Өкмөт башчылары эркин соода аймагы, инновациялык кызматташтык, электр энергетика тармагы, химиялык өнөр жай жана башка тармактарда кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашмакчы.

Жыйында КМШ мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган жыйырмадан ашуун биргелешкен документтерге кол коюлуусу күтүлүүдө.

КМШга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынын чагылдырууга КМШ өлкөлөрүнөн 49 ЖМК өкүлдөрү саналган 118 журналист катталган. Журналисттер үчүн 200дөн ашуун орунга эсептелген пресс-борбор уюштурулган.

Саммитке келген делегациялардын жетекчилеринин тизмеси:

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев;

Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков;

Казакстандын премьер-министри Карим Масимов;

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода;

Молдованын премьер-министри Павел Филипп;

Азербайжандын премьер-министринин биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдуллы оглы;

Армениянын вице-премьер-министри Ваче Габриелян;

Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов;

Түркмөнстандын премьер-министринин орун басары Сатлык Сатлыков;

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: