super.kg logo

Эл аралык эпизоотиялык бюро ветеринардык кызматтын ишин жакшыртуу боюнча бир катар сунуштарын берди

 

Кыргыз жергесинде ишке ашырылып жаткан бруцеллёз жана эхинококкозго каршы күрөшүү программалары орто мөөнөттүү баалоого муктаж. Эл аралык эпизоотиялык бюро мындай пикирин май айынын аягында Парижде өткөн МЭБдин Улуттук делегаттарынын дүйнөлүк ассамблеясынын 84-жалпы жыйынында билдирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү бүгүн, 7-июнда кабарлады.

Аталган жыйынга Кыргыз Республикасынын да өкүлдөрү барышкан.

"Бруцеллёзго каршы күрөшүү программасы 2008-жылы “Айыл чарба инвестициялары жана кызмат көрсөтүү” долбоорунун алкагында башталган жана “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун алкагында улантылууда. Эхинококкозго каршы күрөшүү программасы 2014-жылы “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1” долбоорунун чегинде башталган. Бүгүнкү күндө адамдардын бруцеллёзу дээрлик беш эсеге кыскаргандыгын белгилей кетсек болот. Бул, демек, жаныбарлардан адамдарга жуга турган ылаңдардын азайгандыгынын белгиси. Эхинококкозго каршы күрөшүү иштеринде да жылыштар байкалууда", - деп айтылат маалыматта.

Парижде түзүлгөн макулдашуунун негизинде, МЭБ Мамлекеттик ветинспекцияга Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарын Кургактагы жаныбарлардын саламаттыгы боюнча эл аралык кодексинде каралган стандарттарга ылайыкташтырууга көмөктөшөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: