super.kg logo
  Саясат  

Сооронбай Жээнбеков саммиттин катышуучуларына: "Кыйынчылыктар болгон мезгилде бири-бирибизге жардамдашуу маанилүү"

 

"Кыйынчылыктар болгон мезгилде бири-бирибизге жардамдашуу маанилүү",- деди бүгүн, 7-июнда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын саммитинин жүрүшүндө КРнын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков.

"Кыргыз Республикасы бул саммитке чоң маани берет. Өлкөбүз үчүн КМШ мамлекеттери менен маданий жана гуманитардык тармактарда кызматташуу маанилүү. Быйылкы жыл Кыргыз Республикасында Маданият жана тарых жылы деп жарыяланган. 2016-жылы көптөгөн маданий, гуманитардык, илимий иш-чаралар өтөт. Сентябрь айында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөрүлөт. Бул оюндарды өткөрүү бир гана спорттук мелдештер үчүн эмес, эл аралык жана улуттар аралык диалог үчүн мыкты шарт түзүп берет деген ишеничтебиз", - деди Жээнбеков.

Мындан тышкары премьер-министр КМШга мүчө мамлекеттердин жана Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ортосунда соода-экономикалык кызматташууну бекемдөө керектигин баса белгиледи.

Айта кетсек, өкмөт башчылары эркин соода аймагы, инновациялык кызматташтык, электр энергетика тармагы, химиялык өнөр жай жана башка тармактарда кызматташуу боюнча маселелерди талкуулашмакчы.

Жыйында КМШ мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө багытталган жыйырмадан ашуун биргелешкен документтерге кол коюлуусу күтүлүүдө.

Саммитке келген делегациялардын жетекчилеринин тизмеси:

Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев;

Беларустун премьер-министри Андрей Кобяков;

Казакстандын премьер-министри Карим Масимов;

Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода;

Молдованын премьер-министри Павел Филипп;

Азербайжандын премьер-министринин биринчи орун басары Эюбов Ягуб Абдуллы оглы;

Армениянын вице-премьер-министри Ваче Габриелян;

Өзбекстандын премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов;

Түркмөнстандын премьер-министринин орун басары Сатлык Сатлыков;

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: