super.kg logo

Ноокат районунда "ажырашкан аялын жана кайненесин бычактап качып кеткен" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды

 

Ноокат районунда "ажырашкан аялын жана кайненесин бычактап качып кеткен" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бычактан жаракат алган аял оор жаракаттан улам бейтапканада көз жумгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин алкагында кылмыш ишине шектелип Ноокат районунун 1985-жылы туулган Х.У. аттуу тургуну кармалган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал 1992-жылы туулган Ноокат районунун тургуну М.Г. аттуу жубайы менен ажырашып, экөө эки башка жашап жатышкандыгы белгилүү болгон. Кармалган жаран баласын көргөнү барган. Ал эми айыпкердин ажырашкан аялы кичинекей баласы менен өз апасынын үйүндө жашап жатканы белгилүү болду.

"Кылмышка шектүү катары кармалган жаран март айынан бери келинчеги менен келишпестиктен улам жашабай калган. Ал жубайы менен сүйлөшүү үчүн кайненесинин үйүнө барып, келинчеги менен жаңжалдашып кеткен. Окуяга келиндин энеси да аралашып калган. Шектүү 2-июнь күнү саат 20:50 чамасында келинчегин жана кайненесин бычактап качып кеткен", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
07.06.2016. 17:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ачууга алдырып эмне кылып атканын билбейт адамзаты
07.06.2016. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайын журт эрди-катын мамилесине аралашпаса экен... Эрди-катын урушат, кайра жарашып табышат. Кайын-журт аралашып кайра урушту кучотот. Балким кайненеси аралашпаса окуя башкача бутоор беле...
07.06.2016. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
barpy1,кайнатасынын торуно барып чыр чыгарып атса, кандайча аралашпайт ? Тем более эне!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: