super.kg logo
  Саясат  

КМШ Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев: "КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны конструктивдүү маанайда өттү"

 

"КМШнын аткаруу органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана натыйжалуулугун арттырууга багытталган протоколдук чечимдер кабыл алынды. Белгиленген сунуштар КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында өтүүчү кеңешинде каралат", - деп билдирди КМШ Аткаруу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев бүгүн, 7-июнда Бишкек шаарында өткөн КМШ өкмөт башчыларынын кеңешмесинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча өткөн брифингде.

КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны жогорку уюшкандыкта жана конструктивдүү маанайда өткөнүн айткан Лебедев: "Жыйындагы негизги багыттар Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен Бишкекте өтүүчү КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйынына катышуу үчүн келген КМШнын өкмөттүк делегация жетекчилери менен болгон жолугушуусунда каралган. Жолугушууда шериктештиктин ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери менен катар аны жаңы шарттарга ыңгайлаштыруу зарылдыгы белгиленди", - деди.

Эске салсак, быйыл КМШнын түзүлгөндүгүнө 25 жыл болду. Бул ирет КМШнын мааракелик жыйынына Кыргыз Республикасы төрагалык кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: