Кашка-Суу айыл аймагындагы талаш жер боюнча ишти кайрадан кароо биринчи инстанцияга жөнөтүлдү

Жогорку Соттун чечими менен Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы талашта турган жер боюнча иш кайрадан кароо үчүн биринчи инстанцияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Аскар Давлетов 8-июнда SUPER.KG порталына билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин "Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагындагы талаш жер Падыша-Ата коругунун пайдасына чечилди" деген маалыматты Кашка-Суу айылдык кеңешинин төрагасы Аскар Давлетов билдирген.
2 гектарга чукул бул жай боюнча соттошуп жаткан жеке ишкер Эркин Бегимкулов SUPER.KG'ге: "Буга чейин Давлетовдун берген маалыматы чындыкка дал келбейт. Талашка түшкөн жер Падыша-Ата коругуна өткөн эмес", - деп айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:23
2025-07-14

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.