super.kg logo
  Саясат  

Алмамбет Шыкмаматов унаа менен турак жайды милдеттүү камсыздандырууга байланыштуу мыйзам долбоорунда каралган шарттарга эл даяр эмес экенин айтты

 

Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”, “Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечилердин берген маалыматына караганда, акыркы жарым жылда экономикалык кырдаал кескин начарлады. Бул экономикабыздын ЕАЭБ шартында иштөөсүнөн, доллар кунунун сомго карата кескин өсүшүнөн, азык-түлүк бааларынын өсүшүнөн, импорт көз карандылыгынан улам болууда. Жумушсуздуктун деңгээли жогорулап жатат. Жөлөк пул алган жарандардын абалы өзгөчө тынчсыздандырууда. 2016-жылы алардын саны 384 миңден ашты.

Камсыздандыруу мыйзамдарынын күчүнө кирүүсү менен жарандардын, өзгөчө жакыр бүлөлөрдүн чыгымдары көбөйүп, алардын материалдык абалына терс таасирин тийгизет. Ошондон улам автоунааларды милдеттүү камсыздандырууга байланыштуу мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2020-жылдын 1-январына, ал эми турак жайларды милдеттүү камсыздандырууга байланыштуу мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2017-жылдын 1-январына жылдыруу сунушталууда.

Талкуунун жүрүшүндө тармактык комитет мыйзам долбоорун четке кагуу чечимине келгени белгилүү болду. Депутат Дастан Жумабеков бул мыйзам долбоорун колдой турганын билдирип, анын мамлекеттик бюджетке тиешеси бар болгондуктан, мыйзам долбооруна карата өкмөттүн корутундусу болушу керектигин белгиледи. Мындай пикирге демилгечилер да макул болушту. Ал эми депутат Алмамбет Шыкмаматов азыркы учурда жарандар мыйзам долбоорунда каралган шарттарга даяр эмес экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам 2015-жылдын 24-июлунда, ал эми “Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам 2015-жылдын 29-июлунда кабыл алынган. Эки мыйзам 2016-жылдын 8-февралынан жана 12-февралынан тартып күчүнө кирүүгө тийиш болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: